Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Тажикстан: 30 чакты аял президентке даттанышты


Дүйшөмбү калаасындагы нааразылык акциясынын катышуучулары өз үйлөрү алдын ала эскертүүсүз бузулганын айыпташты.

Азаттыктын тажик кызматына ылайык, өткөн жума күнү 200 чакты тартип коргоочу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, электр жарыгын өчүрүп, сууну токтотуп, үйлөрүн буздурууга буйрук беришкен.

Баш калаанын түштүгүндөгү Рудаки районунун Куш-тепе жамаатында 50 чакты жаңы бүткөн үйлөр сүздүрүлүп салынган. Бийлик өкүлдөрү бул аймакта дагы эски үйлөр да бузулаарын эскерткен.

Өкмөт өкүлдөрү бул үйлөр мыйзамсыз курулган деп айтышкан. Бирок үйү бузулган тургундардын бири Токтахон Шодибекова Азаттыкка үй курууга жерлер 2006-жылы президент Эмомали Рахмондун буйругу менен берилгендигин билдирди.

Президенттик администрациядан атайын өкүлдөр үч күндүн ичинде кырдаалды изилдеп, үйсүз калгандарга компенсация берүү талаптарын караштыра тургандыгын бышыктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG