Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Бахрейнде Гранд При мелдеши болбой калды


Перси булуңундагы бул аралда Ф-бир жарыш машинасы менен мелдеш 13-мартта башталмак. Бирок өкмөткө каршы толкундоолорго байланыштуу, жарыш Австралияга которулду. Сунилер бийликте турган өлкөдө кечээ да баш калаадагы Бермет аянтында 10 миңдей киши чогулуп, жаңы өкмөт түзүүнү талап кылышты. Бир жарым миңден ашык мугалим ачарчылык жарыялады. Падыша Хамад бин Иса ал-Халифа өз уулуна бардык тараптар менен диалог жүргүзүүнү тапшырды.

Йеменде миңдеген демонстранттар президент Али Абдулла Салехтин отставкасын талап кылышты, бирок президент "кийинки шайлоодо жеңилсем гана кетем" деп айтты.

Мароккодогу демонстрацияларда жекшемби күнү беш киши каза тапканы кабарланууда.

Египетте баш прокурор отставкага кетүүгө аргасыз болгон президент Мубарактын чет өлкөлөрдөгү мал-мүлкүн камакка алууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG