Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Каддафи теледен көрүндү


Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи өлкөнүн мамлекеттик сыналгысынан сүйлөп, баш калаа Триполиде экенин, Венесуэлага качпаганын билдирди. Каддафи эфирде бир мүнөткө жетпеген убакыт гана сүйлөдү. Видеодо ал жеңил машинада жүргүнчүнүн орундугунда отурганын, кол чатыры ачык эшиктин сыртына чыгып турганын көрүүгө мүмкүн болду. Ливиянын коопсуздук күчтөрү Каддафиге каршы демонстранттарга курал колдонуп, жүздөгөн киши казза тапкандыгы айтылууда. Өлкөдө кеминде сегиз шаар оппозициянын көзөмөлүнө өткөндүгү кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG