Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

ЖККУ: Кыргызстанда баңзат жолу бийлик тарабынан көзөмөлдөнүп турган


Мурдагы президент Курманбек Бакиевге баш ийген күч кызматтары Кыргызстанда баңзат ташуу жолдорун көзөмөлдөп турган деп билдирди Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа 21-февралда. РИА Новости агенттиги жазып чыккандай ЖККУ Баш катчысы апрель окуясына чейин айрым күч кызматтары, анын ичинде экс-президент Курманбек Бакиевге баш ийген күч кызматтары Кыргызстандын түштүгү аркылуу өткөн баңзат жолун көзөмөлдөп турушкан деп бышыктаган. Ал ошондой эле азыркы кыргыз бийлиги баңзатка каршы олуттуу күрөш баштаганын, акыркы убактарда бир катар баңзат кербендери кармалганын билдирип, бул багытта кыргыз өкмөтү каржылык жактан жана адистерди даярдоо жагынан жардамга муктаж деп билдирген.

ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга өткөн жумада келип кеткен. Иш сапары учурунда ал мамлекет башчы, премьер-министр жана ошондой эле күч кызматтарынын жетекчилери менен жолугушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG