Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

АКШ Жалал-Абаддын көчөлөрүн жарыктандырууга каражат берди


АКШ өкмөтү Эл аралык өнүгүү боюнча америкалык агенттик (ЮСАИД) аркылуу Жалал-Абад шаарында көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн 217 миңден ашуун доллар бөлүп берди. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымдашынча, былтыркы июнь коогалаңында шаарда көчөлөрдөгү жарык берүүчү лампалар талкаланган, натыйжада жашоочулар үчүн караңгы көчөлөрдө жүрүү кооптуу болуп калган. Аталган облустагы Ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, былтыр кылмыштардын дээрлик 90 пайызы түн ичинде жасалган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG