Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Аймактарда асыл тукум мал чарбалары түзүлөт


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Айыл чарба министрлигинин ишин жакшыртуу долбоору менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн дыйкандарды сапаттуу үрөөн, күйүүчү-майлоочу май жана жер семирткич менен өз убагында камсыздап туруу маанилүү экенин билдирди. Жер-жерлерде асыл тукум мал чарбачылыктары ачыларын белгиледи. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, айыл чарба министрлигин ишин жакшыртуу долбооруна ылайык, министрликтин кызматкерлери 17 пайызга кыскарат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG