Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Ирандык аскер кемелер Суэц каналы аркылуу өттү


Шейшембинин таңында эки кеме канал аркылуу Жер ортолук деңизине сүзүп өткөнүн Суэц каналынын жетекчилиги билдирди.

Ирандык кемелер бул каналдан 1979-жылдагы иран ыңкылабынан бери өтө алчу эмес. Суэц каналы аркылуу өткөн кемелер Жер ортолук деңизи менен Сирияга бет алганы айтылды.

Израил болсо ирандык кемелердин канал аркылуу өтүшү Жакынкы Чыгыштагы ансыз да кооптуу кырдаалда Ирандын таасирин күчөтө турган чагымдарга барат деп эскертти.

Египеттин башкаруучу Аскердик кеңеши Суэец каналы аркылуу ирандык кемелердин катташы глобалдык соода-сатыктын ачкычы деп баалайт.

XS
SM
MD
LG