Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:25

БУУ Ливия бийлигинин ырайымсыз аракеттерин иликтөөгө чакырат


Полковник Каддафинин атайын күчтөрү Триполи, Бенгази жана башка шаарларда чогулгандарга ок чыгарып, жүздөгөн адамдар өлгөндүгүн оппозициялык топтор билдирүүдө. Баш калаа Триполинин айрым көчөлөрүндө өлүктөр жатканын окуянын күбөлөрү айтууда.

Бүгүн Ливиянын сыналгысы болсо мындай маалыматты "жалган ушак" деп жокко чыгарды.

Улуттар Уюмунун Баш катчысы Бан Ки Мун эл аралык коомчулукту Ливия бийлигинин өлкөдөгү кырдаал боюнча аракетин кылдат иликтөөгө алууга чакырып, «Ливия бийликтери нааразылыкка чыккандарга согуштук учактар менен тик учактардан ок чыгарууда. Бул чектен чыккан нерсе. Бул тезинен токтолушу керек»,-деди.

Баш катчы Бан Ки Мун бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйыны чогулуп, Ливиядагы кризисти талкуулай турганын айтты.

Каирде Араб өлкөлөрүнүн лигасы да Ливиядагы кырдаалды талкуулоого шашылыш чогулду.

Египеттин армиясы Ливия менен чек араны бекемдеп жатканы кабарланды. Египеттин тышкы иштер министри Ливиянын Бенгази шаарындагы аба майданында учуу тилкеси бузулгандыктан, учак коно албай жаткандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG