Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:33

Орусия Ливиядан өз жарандарын чыгарууга 4 учак жиберди


Ил-76 учактары Ливиядан 500гө жакын орусиялыктарды алып чыгуу үчүн Орусиядан бул өлкөгө жөнөп кетти. Мурдараак ливиялык өкмөт Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин учактарын Триполинин аба майданына кондурууга уруксат берген.

Орусиянын Чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу Ливияга 4 учак жиберилгендигин, дагы экөө даяр тургандыгын билдирди. Ушул тапта орусиялык 134 атуул Триполинин аба майданында учак күтүп турат.

Маалыматтар боюнча Ливияда 563 Орусиянын жараны бар. Алар негизинен курулуш, мунай зат өндүрүшү сыяктуу тармактарда иштеген техникалык адистер болуп эсептелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG