Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Берлинде Э.Көчүмкулова кыргыздын сөөк коюу жөрөлгөсү боюнча дарс окуду


22-февралда Бишкектеги Борбор Азия университетинин көчмөн маданияттар жана оозеки чыгармачылык боюнча изилдөөчүсү доктор Элмира Көчүмкулова Берлин шаарындагы «Чыгыш таануу» борборунда «Пост-советтик Кыргызстандагы кайра исламдашуу: кыргыздардын сөөк коюу жөрөлгөсү» деген аталышта дарс окуду.

Кыргыздын маданий каада салты, анын ичинде сөөк коюу жөрөлгөсү элдин тарыхы, көчмөн жашоо бейнеси, диний ишенимдери, оозеки чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта.

Исламды кабыл алгандан кийин мурдагы көчмөн кыргыздардын ишеним жана баалуулук системасына жаңы диний көз караштар кирген.

Бүгүнкү күндө дагы ислам менен элдин түпкү ишенимдери бирге ширелишип өкүм сүрүп жатат. Сөөк коюу жөрөлгөсү кыргыз коомунда исламдын элдик ырым-жырымдар менен бирге каада-салтка айланганын даана көрсөтөт.

Э.Көчүмкулова 2007-жылы Сиэттл шаарындагы Вашингтон университетинин Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш Таануу бөлүмүндө илимий докторлук ишин жактаган. Ислам жана кыргыздын көчмөн мурасы боюнча бир катар илимий эмгектердин автору.

XS
SM
MD
LG