Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Тажикстанда шайлоо комиссиясынын жетекчиси иштен алынды


Президент Эмомали Рахмон Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын кызматтан алды. Рахмон Мирзо Али Болтуевди, анын эки орун басарын жана комиссиянын дагы бир мүчөсүн "башка кызматтарга которулгандыгына" байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотту.

Президент шайлоо комиссиясын жетектөөгө төмөнкү палатанын Коопсуздук жана Коргонуу комитетинын төрагасы Шермухамад Шохионду сунуш этти. Мыйзам боюнча шайлоо комиссиясынын жетекчисин президент парламентке сунуш этет.

Байкоочулар Болтуев пенсия жашына келгендиктен иштен алынган болушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Саясат таануучу Ражаби Мирзонун пикиринде, президент өз бийлиги боюнча референдум өткөрүүгө даярданып жаткан болушу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG