Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Гамсахрдия киши колдуу болгон болушу ыктымал


Грузияда парламенттик комиссия "өлкөнүн мурдагы президенти Звиад Гамсахурдия кол салуудан көз жумган болушу мүмкүн" деп айтылган бүтүмүн жарыялады.

1993-жылы 31-декабрда Гамсахурдия башына тийген октон көз жумганда, ал кездеги өкмөт муну "өзүн өзү өлтүрүү" деп ырастаган.

Парламенттик комиссиянын билдирүүсүндө Грузиянын пост-советтик алгачкы мамлекет башчысын ким өлтүргөн болушу мүмкүн экендиги тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок комиссияны экс-президенттин уулу Константин Гансахурдия жетектегендиктен, ал атасынын өлүмүнө бейтарап баа бере алган жок деген шектенүүлөр айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG