Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Жапаров: ИИМ үчүн кошумча 500 миллион сом табылды


Кыргыз өкмөтү Ички иштер министрлиги үчүн кошумча 500 миллион сом тапты. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте мамлекеттик бюджет боюнча коомдук талкууда Жогорку Кеңештин Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өлкө бюджетинде биринчи жолу билим берүү көйгөйлөрүн чечүүгө жана уюшма кылмыш топтору менен күрөшкө артыкчылык берилип жатат. "Буга чейин мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланып кеткен учурлар болгон, ошондуктан бюджеттин пайдаланылышын көзөмөлдөгөн жаңы ыкмалар керек",-дейт Жапаров.

2011-жылдын мамлекеттик бюджет долбоорун 24-январда өкмөт жактырган. Бюджеттин чыгашасы 89 млрд. сом, кирешеси 68 млрд. сом, тартыштыгы болсо 21 млрд. сомду түзөт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG