Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Ливияда зомбулукту токтотуу талап кылынды


БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливияда зордук-зомбулук дароо токтотулушун талап кылды. Коопсуздук кеңеши өзүнүн чукул жыйынында өлкөдө жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып барды деп эсептелинип жаткан зордук-зомбулуктардын дароо токтотулуусун талап кылуу менен катар Ливия лидери Муаммар Каддафинин демонстранттарга каршы күч колдонушун айыптады.

Кеңештин он беш мүчөсү макулдашкан билдирүүдө Ливиянын өкмөтүнө жарандардын мыйзамдуу талабына жооп бергидей кадамдарга баруу, адам укуктарына байкоо салуучулар менен гуманитардык уюмдардын өлкөгө кирүүсүнө тезинен жол берүү чакырыгы жасалды. Ливиянын БУУдагы элчисинин орун басары, өлкөдө тополоңдорго байланыштуу Каддафинин режиминен кол үзгөнүн жарыялаган Ибрахим Даббаши мындай дейт:

- Мен Коопсуздук кеңешине бүгүнкү чарасы үчүн ыраазычылык билдирем. Ал анчалык катаал болгон жок, бирок Ливиядагы режимге өз элине каршы кан төгүүнү токтотуусу керектиги боюнча жакшы белги берди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына чейин Муаммар Каддафи мамлекеттик сыналгыдан сүйлөгөн учурунда “кашы каны калганча” күрөшүп, жанын кыйууга даяр экенин белгилеген. Анын режимине каршы чыккандарды “келемиштер жана жалдангычтар” деп атап, жактоочуларын аларга сокку урууга үндөдү.

Европанын Ливияга чектеш өлкөсү Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттининин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алардагы маалыматка караганда Каддафи чыгыштагы Киренаика провинциясына көзөмөлдү жоготкон. Демонстрацияларды басуу аракети учурунда өлгөндөр саны бир миңдин тегерегинде. Италия бийликтери Ливиядан Европаны көздөй 300 миңдей киши качышы мүмкүн деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG