Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Грецияда демонстранттар менен полиция кагылышты


Кагылышуу парламент имаратынын сыртында болду. Бүгүн ал жерге жалпы элдик иш таштоого чыккан грециялыктардын бир бөлүгү келген эле. Демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Иш таштоого 30 миңдей адам тартылууда. Натыйжада коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө кабылып, Афинадагы эл аралык аэропорттон 100дөй каттам токтотулду.

Иш таштоого чыккан жумушчулар карыз кризисине кабылган өкмөттүн айлык акыларды, пенсиялардын өлчөмүн кыскартуу өңдүү үнөмдөө чараларына нааразылык билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG