Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Генерал Косово «террору» үчүн 27 жылга кесилди


Бириккен Улуттардын соттору Сербиянын мурдагы полиция генералы Властимир Жоржевичти албан улутундагыларды «террордоо» менен, Косоводогу улуттар аралык балансты өзгрөткүсү келген деп тапты.

Экс-Югославия боюнча Эл аралык Кылмыш Трибуналынын соту Кевин Паркер Жоржевичти 1999-жылдын биринчи жарымында 724 косоволук албандын өлтүрүлүшүнө көмөк көрсөткөн деп айыптап, буларды кошумчалады:

- Айыптангандын (жогоруда баяндалган) жүрүм- туруму серб күчтөрүнүн косоволук албандарга карата ашынган зөөкүрдүгүнө олуттуу кошумча болгон. Бул зөөкүрдүктүн максаты- Косовонун демокрафиялык курамын өзгөртүү болгон.

Жоржевич ошондой эле аз эле дегенде 200 миң албандын Косоводон депортацияланышы үчүн жооптуу деп табылды. 62 жаштагы Жоржевич мурда Сербиянын тартип коргоо тармагын жетектеген.

XS
SM
MD
LG