Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

«Атаандаш» бийлик башчылары маалымат жыйынын өткөрөт


Анда коалициялык өкмөткө жана Жогорку Кеңешке атаандаш түзүлгөн өкмөт менен парламент тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилери күтүлүүдө.

Өткөн жумада Жогорку Кеңешке шайлоодо беш пайыздык босогодон өтпөй калган саясий партиялардын коомдук конгресси атаандаш парламент катары эл өкүлдөр жыйынын жана көлөкөдөгү өкмөт түзгөнү белгилүү. Оппозициялык өкмөттү башкарууга “Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов жана эл өкүлдөр жыйынынын төрагалыгына "Замандаш" партиясынын лидери Муктар Өмүракунов шайланышкан.

Мурдагы бийликтин тушунда 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке кирбей калган негизги оппозициялык күчтөр Коомдук парламент түзүп, ага Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG