Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

“Алмаз» радиосунун кабарчысына кол салуу болду


Аталган үналгынын атын атагысы келбеген кызматкеринин «Азаттыкка» тастыкташынча, «Учкул ойлор» программасынын алып баруучусу Назгүл Кушназаровага белгисиз бирөөлөр кол салган. Окуя 22-февралда саат 22 чендерде журналисттин үйүнүн жанында болгон. Кол салгандар анын акчасына, телефонуна жана башка буюмдарына тийген эмес, ушундан улам журналист бул ишти өзүнүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда. Назгүл Кушназарова учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатат, абалы канааттандырарлык деп билдирди анын кесиптеши.

Өткөн жылы күзүндө НТС каналынын оператору белгисиз бирөөлөрдөн токмок жеп, ооруканада өзүнө келе албай каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG