Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Бишкекте “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасы талкууланууда


Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайларда жана телеканалдарда таланттуу жаш режиссер Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу тасмасы көрсөтүлүп, талкууга алынууда. Тасманы көрсөтүү жана талкууга алуу 28-февралга чейин уланат.

“Мен кыргыздардын жүрөгүндөгү Манас тууралуу тасма тарттым. Бул тасма кыргыздын тарыхын чагылдырат. Манас деген биз жашап аткан жердеги мейкиндикти, түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты, асман менен жерди бириктирип турган борбор деп айтса болот. Манас – бул аябай чоң түшүнүк. Бул кинодо Угуз хандан баштап бүгүнкү күнгө чейинки кыргыздын тарыхын учкай айтып кеткенге аракет кылдым. Арийне, кыргыз коомчулугунда аябай чоң өсүш болуп жатат. Бирок көпчүлүгү азыркынын, же келечектин Манасын сыйкырчы катары көрөт, Манас келсе эле бардыгы өз ордуна келет, жашоо жакшырат дегендей. Ал үчүн коом ошого даяр болуш керек. Адегенде эл өзү оңолуш керек, ар бир адам оңолуш керек, ошону түшүнө билиш керек. Коомдо чаржайыт идеология болбош керек. Манас – бул менимче, тарых менен келечекти бириктирип турган, Манастын өзүндө айтылгандай жакшы менен жаманды топтоп турган чоң күч. Манас төрөлүш үчүн дагы бир аз убакыт бар деп эсептейм. Менин оюмча, азыркыдай абал дагы өөрчүйт, Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө. Анан биздин жаңы Манасыбыз туңгуюктан кыргыз элин эле алып чыгабы, же дүйнө элин алып чыгабы, бул дагы келечектин маселеси”,- дейт режиссер Нурбек Эген тасма тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып. (IJz)

XS
SM
MD
LG