Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Толкундоолор болуп аткан Ливия, Йемендеги кыргыз жарандары такталууда


Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, учурда элдик толкундоолор уланып аткан Ливия жана Йеменде кыргыз жарандарынын санын тактоо иштери жүрүүдө. Сауд Аравиясындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Ливиянын борбору Триполи шаарында кыргыз студенттери окуп атканын аныктап, учурда алардын санын тактоо жана коопсуздук чараларын көрүү жаатында иш алып барышууда. Ал эми Йеменде алдын ала маалыматтар боюнча 12-15 чакты кыргыз жарандары бар. Сауд Аравиясындагы кыргыз элчилиги чөлкөмдөгү толкундоолор болуп аткан мамлекеттердеги кыргыз жарандарынын санын тактоо, аларга көмөк көрсөтүү максатында ачык телефон линиясын да ачты. Аталган мамлекеттердеги кыргыз жарандары же алардын жакындары төмөнкү телефон номурларына чалышса болот: +96612293272, +966567013464

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG