Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Январда каза болгон милициячыларга “Эл баатыры” наамын берүү суралды


Бишкек шаарында 4-январда каза болгон үч милиция кызматкеринин ата-энелери бүгүн “Кабар” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, аларга “Эл баатыры” деген наам берүүсүн өтүнүп президентке кайрылуу жолдошту. Алар ошондой эле милиция кызматкерлерин өлтүргөн, террордук иш-чараларды уюштурууга катышы бар деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде кармалып турган айыпталуучуларды сот жообуна тартууну талап кылышууда. Ошондой эле каза болгон милициячылардын ата-энелери эмне себептен милиция кызматкерлери шектүү үйдү текшерүүгө куралсыз жөнөтүлгөнү тууралуу алардын жетекчилери жооп бериши керектигин айтышууда.

4-январь күнү Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү 16 кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы батирде убактылуу жашап турган адамдардын паспортун текшерүүгө келген үч милиция кызматкери ок жеп каза табышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG