Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Бабанов: Чиновниктер саны аз, айлыгы cаз болсун


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мамлекеттик кызматкерлердин айлык-акылары жогорулатылышы керектигин, бирок бул иш алардын санын кыскартуу аркылуу жасалышы керектигин билдирди. Анын айтымында, бюджетте каралган акчанын чегинде саны көп, бирок сапаты аз мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, кесипкөй кадрларды тартуу керек. Ал эми мыкты адистер көбүрөөк айлык-акы талап кылышат. Бул маселени өкмөт ушундай жол менен чечүү жолун караштырууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG