Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Аба ырайы: чукул эскертүү!


25-27-февралда жаап өткөн жана күтүлүп аткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Андыктан чоң ылдамдык уруксат кылынган чоң жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат.

25-февралга карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, Ысык-Көл жана Нарын облусунун түнкүсүн гана айрым жерлерде кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл тилкесинде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17 даража суук, күндүз -3…-8 даража болот. Талас облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 даража, Баткенде түнкүсүн -8…-13 даража, күндүз 0…-5 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12 даража, күндүз 0…-5 даража, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 даража болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -25... -30, күндүз -8... -13 даража.

Бишкек шаарында 25-февралда ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16 даража, күндүз -5…-7 даража болот.

XS
SM
MD
LG