Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

«Агро Экспо Жибек жолу – 2011» аттуу эл аралык айыл чарба көргөзмө-жарманкеси өтөт


25-28-февралда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында «Агро Экспо Жибек жолу – 2011» аттуу жетинчи эл аралык айыл чарба көргөзмө-жарманкеси өтөт. Көргөзмө-жарманке АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Агроишкердүүлүктү камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча кыргыз долбоору (KAED) аркылуу каржыланып, Кыргызстан Агроишкерлеринин «Жер Азыгы» бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Көргөзмөнүн негизги тематикалык багыты – Борбор Азияда өсүп-өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү абдан кең болгон канаттууларды багуу жана тоют өндүрүү тармактарын өнүктүрүү.

Көргөзмөдө айыл чарба өндүрүш каражаттарынын, айыл чарба жабдууларынын, ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн, жер семирткичтердин, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын, тоюттардын жана башка айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр үчүн зарыл болгон ар түрдүү товарлардын ассортименти көргөзүлөт. Көргөзмө учурунда канаттууларды багуу жана тоют өндүрүү тармактарын өнүктүрүү, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана топуракты нөлдүк ыкма менен себүү темалары боюнча тематикалык семинарлар өткөрүлөт. Көргөзмөгө айыл чарба өнөр жайынын бардык тармактарын камтыган АКШнын, Европанын жана Азиянын компаниялары катышат. Бул тууралуу АКШ элчилигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG