Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Бюджет долбоору экинчи окууда кабыл алынды


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында 2011-жылдын бюджетинин долбоорун жана 2012-2013-жылдарга бюджетинин божомолун карап, аны экинчи окууда кабыл алышты. Долбоорду экинчи окууда кабыл алууга 101 депутат “макул” деп добуш беришти. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өлкө бюджетинин долбоорун кароо созулуп кеткенин, иштин жылуусу үчүн аны тездетүү зарыл болуп турганын, бүгүнкү жыйындагы сунуштарды дароо иштеп чыгып, эртең үчүнчү окууда кароону сунуш кылды. Парламент төрагасы Акматбек Келдибеков эртеңки жыйын күн тартиби боюнча түшкө чейин уланарын, түштөн кийин бюджет долбоорун үчүнчү окууда карай башташарын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG