Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

В. Путин Брюсселде Евробиримдиктин жыйынында


Бүгүн Орусиянын премьер министри жетектеген расмий делегация Евробиримдиктин жогорку жетекчилери менен соода-сатык жана энергетика маселесин талкуулайт.

Владимир Путин Еврокомиссиянын жетекчиси Мануэл Баррозу баш болгон бир катар министрлер менен жолугат. Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө кабыл алынышы тууралуу да жолугушууларда сөз болушу күтүлүүдө.

Еврокомиссия тарап Орусиядагы адам укуктары, мыйзамдуулуктун үстөмдүгү сыяктуу маселелерди көтөрүүнү көздөйт. Орусия болсо Евробиримдик менен визасыз режимге жетишүүнү козгойт.

XS
SM
MD
LG