Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Ливия Каддафинин көзөмөлүнөн чыга баштады


Муаммар Каддафинин бийлигине каршы чыккан миңдеген адамдар өлкөнүн чыгышындагы Бенгази, Байда, Тобрук шаарларын ээлеп алышты. Ливиядан келген маалыматтарга караганда, Муаммар Каддафи оппозициянын күчүнө туруштук бере албай өлкөнүн аймагынын бир тобун өз башкаруусунан чыгарууда. Ливиянын бир катар дипломаттары, өкмөт мүчөлөрү элдин тарабына өткөнүн жарыялашты. Тастыкталбаган маалымат боюнча Ливияда 18-февралда башталган каршылык акцияларынан бери жүздөгөн адамдар набыт болду.

Күбөлөрдүн айтуусунда, баш калаа Триполи аскердик күчтөрдүн кайтаруусунда танкалар курчап турат. Триполиден 200 чакырым алыс турган Мисрат шаарында катуу кармаш болгону айтылууда.

Каддафинин каршылаштарына толугу менен өткөн Бенгази шаарында адамдар курал-жарак үчүн кезекке туруп, Триполини алууга кармашка даярданып жатышканы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG