Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Бюджет: мугалимдин муктаждыгы канааттандырылат


Эгер азыркы бюджет кабыл алынса, мектепке жаңы келген жаш мугалимдердин орточо айлыгы 5 жарым миң сомдон башталат.
Эгер азыркы бюджет кабыл алынса, мектепке жаңы келген жаш мугалимдердин орточо айлыгы 5 жарым миң сомдон башталат.

Кыргызстанда 24-февралда кабыл алынган бюджеттин олуттуу бөлүгү билим берүү тармагына жумшалат.

Буга ылайык, педагогдордун айлыгы эселеп көтөрүлүүгө тийиш. Бирок депутаттар мынча ири каражатты өкмөт кайсы булактардан табаарына толук жооп ала алышпагандыгын айтышууда.

Эгер өкмөт айлыктарын кескин көтөрбөсө мугалимдер жаз алды менен нааразылык акциясына чыгарын эскертип келет.

Каражатты кайдан табабыз?

Азыр Кыргызстанда мугалимдер көңүл борборуна чыккан кез. Парламент да, өкмөт да педагогдордун маянасын көтөрүүгө каражат издеп келатат. Башына тартсаң бутуна жетпеген чакта Каржы министрлиги ар кайсы булактардан 4 миллиард 600 миллион сом тапканын жарыялады.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка тармактарга чыгымдарды кыскартуунун эсебинен кошумча каражат табуу иштери жүрүп жаткандыгына токтолду:

- Бүгүнкү күнү 640 миллион сомду атайын кыскартуунун эсебинен таап жатабыз. Бул иштер дагы улантылат. Билим берүү каржылоодогу артыкчылыктуу багыт болгондуктан кайсы бир тармактардын эсебинен кыскартуу болобу же киреше булактары чыгып калабы, ошону бардыгын ал жакка багыттоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Былтыркы кеч күздөн тарта Кыргызстандын Базар-Коргон районунун мугалимдери жарыбаган айлыгын көтөрүү талабы менен бир нече күн бою нааразылык акцияларын уюштурушкан. Буга Ысык-Көлдүн жана Нарындын педагогдору кошулган. Өлкөдө абалды оңдоо убадасы менен бийликке келген жаңы өкмөт каржы булактарын издеп, жаңы жылдан кийин алардын маянасын жогорулатуу убадасын берген. Бирок адистер бул үчүн болжол менен он миллиарддай сом кошумча керек болоорун, анча каражатты табуу өтө оор экенин айтып чыгышкан.

Айлык майда көтөрүлөт

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова өкмөт бюджет долбоорунда мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө керек каржы булактарын ачык көрсөткөн эмес деп сынга алды:

- Долбоордо каралган мугалимдердин айлыгынын көтөрүлүшү кичине ынандырып жатат. Бирок ошону да убада кылынган боюнча убагында көтөрүп берсек жакшы болмок. Январда деп, анан мартка түштүк. Эми болсо өкмөт май айынан баштап көтөрөбүз деп жатышат. Бирок ошол майдан тарта көтөрө турган каражаттын да кайсы булактардын эсебинен жогорулатыла тургандыгын өкмөт таасын көрсөтүп бере албай жатат.

Базар-Коргон районундагы мугалимдердин эмгек акыны көтөрүүнү талап кылып митинги, 1-декабрь
Эгер азыркы бюджет кабыл алынса, мектепке жаңы келген жаш мугалимдердин орточо айлыгы 5 жарым миң сомдон башталат. Айылдарда же шарты катаал аймактарда бул көрсөткүч алты жарым миң сомго чыгат экен. Ал эми тажрыйбалуу мугалимдердин орточо айлыгы он миң сомго чейин чыгары айтылды.

Билим берүү министри Канат Садыков ушунча болгондон кийин аталган тармакты кеңири колдоо болсо деген өтүнүчүн билдирди:

- 2191 мектепти компьютер менен камыздоо үчүн 278 миллион сом каражат керектелет экен. Окуу китептерин толук жеткириш үчүн быйыл казынадан 200 миллион сом каралган. Бирок бул каражат китептерди толук жаңылоого жетпейт. Ошондуктан бир жолу эле да 257 миллион сом кошумча бөлүнсө жакшы болот эле.

Жаңы мектептер аз салынат

Мугалимдерге каржылык колдоону өстүрүү башка тармактарга акчаны кыскартуунун эсебинен болуп жатат. Мисалы, быйыл капиталдык курулушка салымдарды беш миллиард сомдон бир миллиардга чейин кыскартышты.

Каржы министри Мэлис Мамбетжанов өтө муктаж мектептердин курулушуна гана каражат бөлүнөрүн эске салды:
Каржы министрлиги ар кайсы булактардан 4 миллиард 600 миллион сом тапканын жарыялады.


- Туура түшүнүңүздөр, азыр каражаттын көпчүлүгү мугалимдердин айлыгына жумшалып жаткандыктан жаңы мектептердин курулушу тууралуу сөз кылуу кыйыныраак. Болгону өтө зарыл шартта деп эсептелген мектептерди курууга же капиталдык ремонттоого гана каражат бөлүштүрө алабыз. Анан да буга чейин 80-90 пайызга аяктап калган мектептердин курулушун бүтүрүүнү каржылайбыз.

Быйылкы бюджеттин киреше бөлүгү 68,4 миллиардды түзүп, чыгашасы 89,7 миллиард сомго жетти. Ортодогу бюджет таңкыстыгы 21 миллиард сомго барабар.

XS
SM
MD
LG