Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Тажикстан: ачык асман астында гезит сатууга тыюу салынды


Тажикстанда көз карандысыз басылмалар көчө соодасына салынган тыюудан запкы тартышууда. "Озодагон" журналынын ээси жана баш редактору Зафар Суфи "Азаттыкка" ачык асман астында гезит сатууга салынган тыюу гезит соодасына кедерги болуп жаткандыгын билдирди. Дүйшөмбү калаасынын шаардык бийлиги жалпы эле жайма базар соодасына тыюу салган. Дүйшөмбү акиминин маалымат катчысы Шавкат Саидов 23-февралда сатуучулар гезиттерди баштыгына салып алса, коомдук транспортто да сата алышаарын билдирди. Айрымдар жайма базарга тыюу салууну көз карандысыз басымаларга каршы саясий күрөш деп баалашууда. Алар көптөгөн көз карандысыз басылмаларга каршы кылмыш иштеринин козголгонун, январдан тарта үстөк салыктын дээрлик беш эсе көбөйүшүн да көз карандысыз басылмаларга каршы багытталган аракет деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG