Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Тоолуу жолдорго кар көчкү түштү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, кар көчкү 24-февраль күнү Чаткал районундагы тоолуу жолдорго түштү. Ала-Бука – Каныш-Кыя жолуна көлөмү 8 миң куб метр, ал эми Красная Горка – Ак-Таш жолуна көлөмү 15 миң куб метрге жеткен кар көчкү түшкөн. Бул жолдордогу автокыймылга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан бир күн мурун тыюу салынгандыктан кар көчкүдөн жапа чеккендер болгон жок. Кан жолдорду кар күрткүсүнөн арылтуу иштери жүрүп жатат, тиешелүү техника жана күйүүчү май жетиштүү дейт маалымат катчысы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош жолунда да кар көчкү жүрүү коркунучу бардыгын эскертип, айдоочулардан унааны ортодогу аралыкты 500 метрден кем эмес сактап айдоосун өтүнүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG