Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Москвада кырсыктан каза тапкан кыргызстандыктын сөөгү мекенине жиберилет


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, маркумдун сөөгүн мекенине жиберүү ишине элчилик көмөк көрсөтүүдө. Юристтин айтуусунда, Ноокат районунан Москвага иштегени келген Жоомарт Айдаров шаардагы ишканалардын бири менен келишим түрүндө короо тазалагыч болуп иштеп аткан, келишим боюнча ал көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын кардан тазалоо ишине тартылган. Жоомарт Айдаров 21-февраль күнү эртең менен Тверь көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырынан кулап кеткен.

Ушуну менен жыл башынан бери Кыргызстанга Москвада иштеген үчүнчү кыргызстандыктын сөөгү алып келинүүдө. 4-январь күнү белгисиз бирөөлөр карабалталык Чыңгыз Супатаевди мууздап кетишкен. 24-январда Москвадагы Домодедово аэропортунда болгон жарылуудан Мурат Хакназаров набыт болгон. Өткөн жылы ар кандай жол менен өмүрүнөн айрылган жүзгө чукул кыргызстандыктын сөөгү келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG