Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Былтыр шайлоо алдында кармалган 700 000 доллар казынага өттү


2010-жылдын 28-сентябрында Казакстандан келаткан “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Билгазы Осмоналиев “Ак-Жол” бажы бекетинде кармалган эле. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери анын унаасынан жашырылган 700 010 доллар табышкан. Алматы шаарынан Бишкекке ташылып келаткан мындай суммадагы акчанын келип чыгышын унаанын айдоочусу түшүндүрүп бере алган эмес.

Өткөн айда Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы бул ишти карап чыгып, Билгазы Осмоналиевдин 204-берене боюнча (аткезчилик) күнөөлүү деп тапты. Учурда соттун чечиминин негизинде, табылган 700 миң доллар Эсептөө-сактык банкы аркылуу мамлекеттин эсебине өткөрүлдү. (IJz)

XS
SM
MD
LG