Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

«Мега Ойл» коррупциялык иш-аракеттерге аралашпаганын айтууда


Учактар үчүн күйүүчү майларды ташуу менен алек болгон «Мега Ойл» компаниясынын жетекчиси Мурат Саралинов «Кабар» агенттигинде берген маалымат жыйынында, “компаниянын дарегине айтылып жаткан сындар чындыкка жатпайт” деп билдирди. Анын айтымында, АКШнын транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн «Манас» мамлекеттик ишканасына күйүүчү май ташуу учурунда эч кандай мыйзам бузуу, акча жеп алуу көрүнүштөрү орун алган эмес. Мындан сырткары, компаниянын ишине мамлекеттик бийлик төбөлдөрүнүн тиешеси жок.

Өткөн жылдын июнь айында АКШнын “Манас” аба майданындагы транзиттик жүк ташуучу борборду күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик “Манас” ишканасы түзүлгөн. Бул компания транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн тендер жарыялап, аны «Мега Ойл» компаниясы утканы кабарланган. Натыйжада бул компания өткөн жылдын сентябрында «Манас» мамлекеттик ишканасы үчүн 15 миң тоннадан ашык авиакеросинди Орусиянын «Газпромнефть-Аэро» компаниясынан ташып келип берген. Айрым маалымат каражаттары жана интернет булактары «Мега Ойл» компаниясы майды «Газпромнефть-Аэродон» арзан баада алып, «Манас» ишканасына кымбат баада сатып, ортодо 70 миллион сомдон ашык каражат туйтунган деп жазып чыгышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG