Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Милиция миллиардер Усмановго издөө салган эмес


Орусиядагы өзбек тектүү миллиардер Алишер Усмановго кыргыз күч органдары издөө салган эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Рахматилло Ахмедов билдирди. Анын айтымында, буга чейин кээ бир маалымат каражаттары жазып чыккандай “Оштогу коогалаңга байланыштуу Орусиянын жараны, миллиардер Алишер Усмановго издөө салынган” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Буга чейин айрым интернет булактарында Ош облустук Ички иштер башкы башкармалыгы Орусиянын жараны, өзбек тектүү миллиардер Алишер Усмановго издөө салгандыгы жана учурда байлыгы 33 миллиард долларга жетип калган миллиардер коогалаңды каржылаган деп шектелиши ыктымалдыгы айтылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG