Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Коомдук биринчи канал ишин жакшыртуу максатында сурамжылоо жүргүзүүдө


Бул тууралуу КТРКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирет. Телеканалдын тарыхында мындай иш-чара алгачкы жолу жүргүзүлүүдө. Сурамжылоонун максаты - көрүүчүлөрдүн табитин аныктап, сапаттуу, мыкты берүүлөрдү даярдоо менен каналдын көрүмдүүлүгүн арттыруу. Учурда өлкө боюнча 3000 анкета таратылган. Мындан тышкары сурамжылоо интернет сайттарда дагы жайгаштырылган. Иш-чара марттын башында аяктап, анын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланмакчы. Сурамжылоо аркылуу КТРКнын эң көрүмдүү телеберүүлөрү тандалып, ал эми эң аз добушка ээ болгон берүүлөр эфирден алынып салынат. Сурамжылоо баракчаларын телеканалдын сайтына да кирип толтурууга мүмкүн. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG