Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Башкы прокуратура Бакиевдерге карата кошумча кылмыш иштерин козгоду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын айрым үй-бүлө мүчөлөрүнө жана тегерегиндеги кээ бир адамдарга карата былтыр эле кылмыш иштери козголгон болчу. Тергөө иштеринин натыйжасында, мурдагы президенттин жакындары курган коррупциялык механизмдердин жаңы өңүттөрү пайда болуп, азыр кошумча кылмыш иштери козголду.

Коррупциялык механизмдер аркылуу мамлекеттик мүлктү тоноп, коммерциялык банктардын активдерин будамайлап тургандыгы тууралуу кошумча айыптоолор мурдагы президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана ошол маалда Мамлекеттик мүлк министри, Салык кызматынын башчысы, Финансылык чалгындоо кызматынын башчысы сыяктуу чоң кызматта тургандарга тагылууда.

Маалыматка караганда, коррупциялык схемалар “АзияУниверсалБанктын” базасында курулуп, дал ушул банк аркылуу мамлекеттик стратегиялык объектилерди менчиктештирүүдө миллиондогон каражаттар жеке адамдардын чөнтөгүнө, оффшордук аймактарда курулган бир күндүк компаниялар аркылуу түшүп турган. Мындай аракеттерге Финансылык чалгындоо кызматы, Улуттук банк, Салык кызматы эч кандай чара көргөн эмес. Учурда тергөө уланууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG