Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы маалымат алды


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин билдиргенине караганда, ал Иран өзөктүк курал жасоо аракетин улантып жаткандыгын каңкуулаган жаңы маалымат алды.

МАГАТЭнин жашыруун баяндамасында айтылгандарга караганда, Иран бул уюм менен талаптагыдай кызматташпай жатат.

Баяндамада Тегеран МАГАТЭге уран байытуу үчүн заманбап техникаларды өндүрүшкө киргизүүнү тездетүү планы бардыгын маалымдаган. Уран байытуу ишинен баш тартпаганы үчүн БУУ буга чейин Иранга төрт ирет санкция киргизген болчу.

Тегерандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Аскар Солтание "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде Ирандын өзөктүк программасынын аскерий аспектиси бардыгы тууралуу маалыматтар толугу менен жасалма экендигин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG