Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

БУУнун баш катчысы Ливия боюнча чара көрүүгө чакырды


Пан Ги Мун Улуттар уюмун Ливиядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн тезинен чара көрүүгө үндөөдө:

- Кырдаал абдан оор бойдон калууда. Биз кыянатчылыктар жана көп адамдардын өлүмү менен коштолгон кагылышуулар жөнүндө жаңы маалыматтарды алдык. Бизде адам укуктарынын масштабдуу, системалуу түрдө бузулганы, анын ичинде жазыксыз өлтүрүүлөр, негизсиз камоолор, тынч демонстранттарга ок атуу, оппозиция жактоочуларын камоо жана кыйноого алуу, чет элдик жалдангычтарды колдонулганы боюнча маалыматтар бар.

Соңку күндөрү Ливияда өкмөткө каршы демонстранттар менен өлкө лидери Муаммар Каддафиге ыктаган күчтөрдүн ортосундагы кагылыштардан жүздөгөн, балким миңдеген адам өлдү деп болжолдонууда.

Бул аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиядагы окуяларды териштирүү үчүн Эл аралык кылмыш сотуна берүүнү сунуш кылган резолюция долбоорунун үстүнөн иштөөдө. Документ бүгүн колго салынып калынышы мүмкүн.

АКШнын администрациясы болсо Муаммар Каддафинин режимине каршы бир тараптуу санкция киргизип, Каддафинин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана ага жакын адамдардын АКШдагы банк эсептерин, активдерин тоңдурмай болду.

XS
SM
MD
LG