Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

28-февралда айрым аймактарда кар жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 28-февралда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9 градус, Талас аймагында түнкүсүн -15…-20 градус, күндүз -3…-8 градус суук болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6 градус болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында сууктун күчү түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градуска чейин жетет. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус суук, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус суук болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16 градус суук, күндүз -6…-8 градус суук болот. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG