Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Датка подстанциясын куруу үчүн Кытай менен келишим түзүлдү


Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Арлан Осмонжановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Кыргызстан менен Кытайдын “ТВЕА” компаниясынын ортосунда 208 миллион доллардык келишимге 22-февралда кол коюлду. Бул каражаттын жардамы менен Кыргызстандын түштүгүндө Датка подстанциясы жана Датка-Ош-Узловая, Ош-Узловая-Алай багытындагы жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиялар курулат. Курулуш иштери 18 айга созулуп, анын жыйынтыгында түштүк аймак электр энергия боюнча эч кимден көз каранды болбой калат. Ал эми курулуш иштери качан башталаары азыркы тушта такталып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG