Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Кадамжайдагы кыргыз-түрк лицейинде өрт чыкты


Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарчасындагы "Семетей" кыргыз-түрк лицейинде бүгүн кечке жуук өрт чыкты. Окуяга күбө болгон жергиликтүү бир тургундун "Азаттыкка" билдиришинче, өрт кечки саат беш жарымдарда башталган. Мындай окуя болгонун Кадамжай районунун акими Токтомат Ганиев да "Азаттыкка" тастыктап, өрт кечки саат тогуздарга карай өчүрүлгөнүн, аны өчүрүүгө беш өрт өчүрүүчү унаа тартылганын кошумчалады. Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун район акимине таянып кабарлашынча, өрт лицейдин жатаканасына жанаша жайгашкан спорт залдагы электр зымдарынан чыккан жана тилсиз жоо 320 орундуу жатакана менен спортзалдын чатырын жалмап кеткен. Бактыга жараша бул жердеги балдардын эч кимиси жабыр тарткан эмес. Окуя тууралуу башка аймактарда жашаган окуучулардын ата-энелерине кабар берилип, балдарды лицейдин мугалимдери, тарбиячалары жана айрым жергиликтүү тургундар үйлөрүнө бөлүп алып кетишти. Район акими өрт окуу корпусуна тийбегендиктен эртеңден тарта окутуу иштери улана берээрин, жапа чеккен жатакана жакынкы күндөрү калыбына келтирилээрин кошумчалады.

"Себат" билим берүү мекемесине тиешелүү бул лицейде Баткен облусунун ар кайсы аймактарынан келген үч жүздөн ашуун бала билим алат. (SM)

XS
SM
MD
LG