Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09

Этностор аралык мамилени жакшыртуу концепциясы даярдалууда


Ушул күндөрү Бишкекте "Этнос аралык жаңжалдарды алдын алууда мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракети" деген илимий-практикалык семинар өтүүдө. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы уюштурган бул иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий-академиялык жамааттардын, саясий партиялардын жана жарандык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда. Семинарда окумуштуулар жана мамлекеттик кызматкерлер былтыр Кыргызстандын түштүгүндө болгон улут аралык жаңжалдан кандай сабак алуу керектиги жана мындан ары ал сыяктуу чатактарга жол бербөө жолдорун сунуш кылууда. Ушул тапта курамы 45 кишиден турган жумушчу топ этностор аралык мамилени жакшыртуу боюнча концепциянын долбоорун иштеп жатышат. Долбоор апрель айында жарыяланат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG