Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Ливиядан 100 миңден ашуун киши чыгып кетти


Улуттар Уюмунун Качкындар Комиссариатынын маалыматы боюнча, Ливиядан бийликке каршы көтөрүлүш башталгандан бери 100 миңден ашуун киши чыгып кетти. Өлкөдөн кеткендердин басымдуу көпчүлүгү чет элдик жумушчулар, 2 жарым миңден ашууну ливиялык жарандар.

Бир катар өлкөлөр Ливиядан адамдарды алып чыгууда. Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин учагы 7 орусиялык жана 22 чет элдик жаран менен Москванын "Домодедово" аба майданына келип конду.

Жекшембинин кечинде Ливиядан чыккан украиналык учак 34 жүргүнчүсү менен Киев шаарынын «Борисполь» аэропортуна конду.

Британиянын аскердик үч учагы Ливиянын түштүк аймагында чөлдөгү көчмө лагерден 150 адамды алып чыкканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG