Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Нави Пиллай дүйнөнү Жакынкы Чыгыштагы реформаны колдоого үндөдү


Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча Жогорку комиссары дүйнө өлкөлөрүн Жакынкы Чыгыштагы реформаны колдоого үндөдү. Нави Пиллай айым БУУнун Адам укугу боюнча Кеңешинде 28-февралда сүйлөп, “мурдакылар өзүн кайра бекемдеп алганча же жаңы коркунуч жаралганча”, дүйнө демонстрантарды колдоп, жаңы өзгөрүүлөрдү тез бекемдеши зарыл деди. Ошондой эле 47 мүчөлүү Кеңешти Ливиядагы кырдаалды этият байкап, өлкө лидери, полковник Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн элдин канын төгүүсүнө жол бербөөгө чакырды.

Жума күнү Кеңеш Ливияны бир добуштан мүчөлүктөн чыгарган. БУУнун Коопсуздук Кеңеши болсо Муаммар Кадафи жана анын жакын чөйрөсүнүн банктардагы эсебин тоңдуруп, тыш өлкөлөргө каттоосуна тыйуу салган.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Женевада өтүп жаткан жыйында бүгүн кечинде сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG