Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Тегеран оппозиция лидерлери камакка алынганын танууда


Ирандын юстиция министрлигинин өкүлү оппозициянын эки лидери камакка алынганын жокко чыгарды.

«Алар экөө тең өз үйлөрүндө. Бир гана алар менен байланыш чектелди», деген Ирандын юстиция министрлигинин өкүлүнүн сөзүн «Рейтер» агенттиги жарыялады.

Мурдараак үй камактагы Хоссейн Мусави менен Мехди Карубини иран бийлиги белгисиз тарапка алып чыгып кеткени айтылган. Оппозиция активисттери эки жума мурун элди көчөгө митинге чыгууга үндөгөнү үчүн үй камакка алынган.

XS
SM
MD
LG