Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Хиллари Клинтон Ливия лидерин бийликтен кетүүгө чакырды


Женевада АКШ Мамлекеттик катчысы Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинде «Каддафиге зордук-зомбулукту жана өз бийлигин созбой кетүүгө убакыт жетти» деп билдирди.

28-февралда Хиллари Клинтон Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 16-отурумуна катышып, эл аралык коомчулукту Ливиядагы кризисти токтотууда бирге аракеттерди көрүүгө үндөдү.

Адам укуктары боюнча жогорку комиссар Нэви Пиллай бардык өлкөлөр Жакынкы Чыгыштагы реформаларга колдоо көрсөтүүсү керектигин айтты.

Ал ортодо Ливиядагы Муаммар Каддафини колдогон күчтөр борбор калаада бийликке каршы чыккандарды аткылап, бир нече адам набыт болуп, көптөгөн кишилер жарадар экени кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG