Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Абдрасулова эс алууга сыртка чыгып кетти


Кыргызстандагы “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова эс алууга сыртка чыгып кеткенин “Азаттыкка” өзү билдирди.

Ал үй-бүлөсү менен жакынкы мамлекеттердин бирине барып, саламаттыгын чыңдап, эс алып келээрин, былтыркы июнь каргашасы тууралу ойлорун жана жеке чыгармачыл иштерин ирээттеп чыгаарын кошумчалады.

“Мени Кыргызстанда коркуткан, куугунтуктаган жагдай жок”, - деди укук коргоочу.

“Кылым шамы” укук коргоо уюму июнь айындагы улут аралык жаңжал боюнча сот иштери акыйкат болбой жатканын айтып келген.

Аталган уюм ушул окуяда мерт болгондор кайсы улуттагылар экенин көрсөткөн тизмесин жарыялап, коомчулукта бул ача пикирлерди жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG