Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Июнь окуясы боюнча сот иштери убактылуу токтотулду


Кыргызстанда Ош жана Жалал-Абад окуялары боюнча жалпысынан 5334 кылмыш иши ачылса, анын 4 миңден ашууну сот өндүрүшүндө убактылуу токтотулганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн табылбай жатканына байланыштуу сот иштерин токтотууга аргасыз болушкан.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, сот өндүрүшүнөн убактылуу токтотулган кылмыш иштеринин ичинде киши өлтүрүү, массалык башаламандыкка катышуу, зордуктоо, талап-тоноо сыяктуу бир катар айыптар боюнча кылмыш иштери бар. Шектүү адамдар аныкталганда же табылганда бул иштер кайрадан сотко өткөрүлөт.

2010-жылы июнь коогалаңында бул аймакта расмий маалыматтар боюнча төрт жүздөн ашуун киши каза тапкан, 30дан ашуун адам белгисиз жоголгон, жүздөгөн үйлөр өрттөлгөн. Окуяга тиешеси бар делип 291 адам кармалып, камалган. 204 иш тергелип, сотко өткөрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG