Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Ош акимчилигинде Ноокаттагы окуя боюнча жыйын өтүүдө


Ушул тапта Ош облустук администрациясында губернатор Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Ноокат районундагы окуяга байланыштуу жыйын өтүп жатат. Ош акимчилигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүн Ноокатта салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевди өлтүрдү деп шектелген адамдын үйү өртөлгөн. Бүгүн Алимбаевди өлтүрдү делген адамдардын кармалбай жатышына нааразы 500гө чукул адам митингге чыгышкан. Митингчилер күнөөлүлөрдү табууну тартип коргоо кызматкерлеринен талап кылып, өлтүрүүгө буюртма берди деп шектелген адамдын үйүн өрттөп жиберишкен.

23-февралда Мирмахмудов айыл окуругунун аймагында “Лексус” маркасындагы автомашинанын ичинен 45 жаштагы Сагынбек Алимбаевдин сөөгү табылган. Анын көкүрөк жагына ок тийгени жана башынын арт жагына көп сокку урулганы аныкталган. Унаанын ичинен Макаров тапанчасынын эки патрону жана эки гильзасы табылган.

Оперативдик иликтөөлөр боюнча Алимбаев менен акыркы жолу Илхом аттуу адам жолуканы такталып, андан кийин 25-февралда Оштун Фуркат участкасында Кара-Суу районунун Шарк айыл округунун үч жашоочусу кармалганы кабарланган. Азыркы учурда кармалгандар Ноокат жана Араван райондук милициянын тергөө абагында камалып турат. Кармалгандар Сагынбек Алимбаевди өлтүрүү ноокаттык ишкердин буйругу боюнча ишке ашырылганы жөнүндө көрсөтмө берип жатканы айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG