Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Ноокатта кырдаал тынчып калды


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Баатыр Нышановдун “Азаттыкка” билдиришинче, азыр Ноокатта кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Алар көчөлөрдү кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Райондук администрациянын алдында чогулгандар таратылды.

Бүгүн эртең менен Ноокат райондук салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевдин туугандары акимчилик алдына чогулуп, Ош ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү келип сүйлөшкөндөн кийин тарап кетишкен. Андан кийин чогулгандардын бир тобу Алимбаевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелген адамдын үйүн өрттөп жиберген. Өрттү эки өрт өчүрүүчү машина келип өчүргөн. Ал жерден жабыркагандар болгон жок. Азырынча өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жаткан адамдын ысмы тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айтылбай жатат.

23-февралда Мирмахмудов айыл окуругунун аймагында “Лексус” үлгүсүндөгү унаанын ичинен 45 жаштагы С. Алимбаевдин өлүгү табылган. Анын көкүрөк жагына ок тийгени жана башынын арт жагына көп сокку урулганы аныкталган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG